Кочкордо милиционерлер аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам беришти

Кочкор райондук ички иштер бөлүмү аз камсыз болгон 55 үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 11-апрель күнү Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги жана өздүк курамы жана жеке демөөрчүлөр менен биргеликте бөлүмдүн көчмө кабылдамасы менен район аймагындагы Кочкор, Арсы, Кара-Тоо, Теңдик, Ак-Жар, Кум-Дөбө, Бугучу, Чолпон жана Көбөнгөнсай жаңы конуштарда жашаган тургундар менен жолугушту.

Аталган айылдарда жашаган жашоо шарты начар үй-бүлөлөрдөн, жалгыз бой энелерден,жарым жетимдер жана 1-2-топтогу майыптардан кабар алып, ал абалын суроо менен ыйык орозо айынын урматы менен өздүк курамдын атынан муктаждыгы бар жалпы 55 үй-бүлөгө материалдык жана акчалай жардамдар көргөзүлдү.

Жергиликтүү тургундар өз кезегинде милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирип иштерине ийгилик каалап өтүштү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД