Баткенде мал уурдап качып жүргөн жаран кармалды

Кылмыш жасап изин жашырып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын март айынын баштарында Лейлек районунун Раззаков шаарынын 57 жаштагы тургуну өзүнүн мал сарайынан түн ичинде белгисиз атуулдар тарабынан 3 баш бодо малын мал сарайынан уурдаткандыгын билдирип милицияга арыз менен кайрылган.

Бул арыз Лейлек РИИБне Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Лейлек РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш чаралары уюштурулуп, Кадамжай РИИБдин Халмион айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери менен биргеликте Халмион айылындагы мал базарда мал сатып жүргөн Раззаков шаарынын 21 жаштагы Ж.С.атуу тургунун аныкташкан.

Шектүү Ж.С. кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында уурдалган бодо малдарды сатып жаткан жеринен малдарды таштап изин жашырганга үлгүргөн.

Ыкчам изилдөө иштеринин жүрүшүндө Ж.С. Кадамжай районунун аймагында качып жүргөн жеринен аныкталып кармалган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү Ж.С. ушул жылдын январь айларынын аяк чендеринде Раззаков шаарынын автобекетинде жайгашкан "My Travel KG" аталышындагы авиакассанын айнегин талкалап кирип, 50000 сом акчаны уурдап кеткендиги белгилүү болду.

Кылмышка шектүү Ж.С. убактылуу кармоо жайына киргизилип, азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД