COVID-19: Өткөн суткада 7 кишиден вирус аныкталды

Кыргызстанда 15-апрелге карата коронавирус дагы 7 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында - 5, Чүй облусунда - 2 адамдан илдет табылган.

"Сакайгандар жок", - деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 55 бейтап, амбулатордук түрдө 37 адам дарыланууда.

"Ал эми бир суткада Бишкекте 2 адам илдеттен сакайды", - деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде каза болгондор катталган жок.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 980 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 306 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД