Жаза аткаруу кызматында кинологдор арасында сынак болуп өттү

Кинологдор кимдин шериги жакшыраак изин таап, жытын сезип кылмышкерди кармай алаарын аныкташты. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинде кинологдор арасында салтка айланган сынак ​​уюштурулду.

Бул жолу департаментин 80 жылдыгына арналып, турнирге Кыргызстандын пенитенциардык тутумунун баардык атайын мекемелеринде өздөрүнүн ишенимдүү "кесиптеши" менен кызмат өтөгөн адистер катышты.

Жекече чемпионат форматында өткөрүлгөн уникалдуу мелдештер мыктылардын мыктысын гана чыгарбастан, кинологдордун профессионалдык деңгээлин, алардын үйрөнүүсүн жана иштөө ыкмаларын жогорулатууга, баалуу тажрыйба алмашууга мүмкүндүк берет.

Кызматтык кинологдор Москва районунун Беловодское айылындагы борбордук иттерди багуучу питомнигинин атайын полигонунда окуучуларынын мыкты сапаттарын көрсөтүштү. Издөө профилинин машыгуулары жыттын изин алуу, кармоо, кайтаруу жана коштоо боюнча, ошондой эле окуунун жалпы курсу боюнча өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, борбордук питомникте 100гө жакын ит күжүрмөн тапшырмаларды аткарууга даярданууда.

Төрт буттуу күзөтчүлөр ар кандай максаттарда колдонулат: объекттин жана анын айланасындагы аймактын чектөөлөрүнүн абалын текшерүү, транспорт каражаттарын текшерүү жана жүктөрдү издөө, качып кеткен кылмышкерлерди кармоо. Ошондой эле коргоо жана кайтаруу, атайын операцияларды жүргүзүү, өткөрүү пункттарына коюу, тыюу салынган буюмдарды (баңгизаттарды, курал-жарактарды ж.б.) издөө үчүн.

Абдан таасирдүү сынактардын жыйынтыгы боюнча байгелүү орундарды ээлеген кинологдорго дипломдор, баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Атап айтканда

1-орун өтмө кубок, диплом, медаль 4-өзүнчө батальондун 11-ротасынын кызматтык иттер-адистер бөлүмчөсүнүн нускоочусу прапорщик Барктабасов Куштарбек Чолпонбаевич.

2-орун Уланбек уулу Сыймык 3-өзүнчө батальондун 7-ротасынын кызматтык иттер-адистер бөлүмчосүнүн нускоочусу.

3-орун 2-өзүнчө батальондун кызматтык иттер взводунун улук үйрөтүүчүсү ефрейтор Мирдин уулу Бекжан.

Ал эми конкурстун катышуучуларын болсо татыктуу кант, сөөктөрү менен сыйланышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД