Чаткалда кар көчкүлөрдү изилдөөчү станция курулат

Чаткал районунда кар көчкүлөрдү изилдөөчү станция курулат. Бул тууралуу Чаткал райондук администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, район башчысы Алтынбек Сеңирбаев райондогу жана облустан, республикадан келген адистер менен биргеликте Чапчыма ашуусунун Күңгөй-Сай аймагына кар көчкүлөрүн изилдөөчү станция курулчу жайдын абалы менен таанышты.

Ал жерде тийиштүү адистер менен биргеликте станция курулчу жайдын учурдагы абалы, керектүү имараттардын жайгашуусу, ал жерге ичүүчү таза суу жана электр энергиясын жеткирүү сыяктуу зарыл маселелер талкууланды.

Алтынбек Сеңирбаев станциянын курулуш иштерине жооптуу адистердин тийиштүү сунуштарын угуп, курулуш иштерине район тарабынан керектүү жардамдар берилээрин айтты.

Кошумчалай кетсек, кар көчкүлөрдү изилдөө станциясынын курулуш иштери БУУнун өнүктүрүү программасы тарабынан каржыланмакчы.

Станциянын курулуш иштери жакынкы күндөрдө башталуусу күтүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД