Кыргыз-түрк достук ооруканасы Бишкек мэриясынын балансына өткөрүлдү

"Достук" Кыргыз-Түрк ооруканасы Бишкек мэриясынын балансына өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин аракети менен Фучик көчөсү №15/2 дарегинде жайгашкан Түркия премьер-министринин аппаратынын алдындагы Кызматташуу жана координация боюнча түрк агенттигинин, Бишкек шаарынын мэриясынын, КР Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы Долбоордук кызматташуу келишимин ишке ашыруунун алкагында курулган "№1 шаардык клиникалык ооруканасынын аймагындагы оорукананын имараты (эксперименталдык)" муниципалдык менчикке өткөрүлдү. Имараттын жалпы аянты 10037,4 чарчы метрди түзөт.

Белгилей кетсек, оорукана 2017-жылы Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) колдоосу менен курулган.

Оорукана керектүү жабдуулар менен жабдылган жана 72 керебетке эсептелген, анын ичинен 21и реанимациялык керебеттер, ооруканада ангиограф, компьютердик томография, магниттик-резонанстык томография, маммография, рентген жабдуулары, УЗИ, гастроскоп, эхокардиограф жана башка көптөгөн диагностикалык аппараттар бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД