Элмирбек Иманалиевдин бейитине эстелик тургузулат

Кыргыз Эл артисти, төкмө акын, маркум Элмирбек Иманалиевдин бейитине 20-апрелде эстелик тургузуу иш-чарасы болот. Бул тууралуу төкмө акын Азамат Болгонбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

"Урматтуу мекендештер!

Сиздерди 2022-жылдын 20-апрелинде КРнын Эл артисти, ак таңдай төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин бейит жайына эскерме ташын коюу иш-чарасына чакырабыз!

Дареги: Ала-Арча көрүстөнү. Башталышы 15:00.

Эстеликтин баардык чыгымын Кыргыздын мыкты уулдарынын бири Болот Абилдаев көтөрдү.

Эл акыны Элмирбек түбөлүк жашайт", - деп жазган ал.

Эске салсак, акын 2020-жылы 20-апрелде 42 жашында кант диабетинен улам каза болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД