
Өзгөн районунун борбордук мечитинде Өзгөн райондук хатибияты "Жакшылык үчүн биримдик" фонду менен биргеликте ата-энеси жок балдардын үй-бүлөлөрүнө 50 даана азык-түлүк баштыкчаларын таратты. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кайрымдуулук иш-чарасы "Жакшылык үчүн биримдик" фонду тарабынан каржыланып, жеринде тапшырылды.
"Берешендик береке алып келет. Ушундай ыйык Рамазан айында муктаждарды сүйүнтүү биз үчүн чоң сыймык. Азык-түлүктөрдөн ун, май, кум шекер, эт, картөшкө, сабиз, пияз, кесме жана туз берилди. Колдоо көрсөткөн "Жакшылык үчүн биримдик" фондунун эмгек жамаатына ыраазычылык билдирем", – деди Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы