
Каракол шаардык кеңештин депутаты ээнбаштыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, ушул жылдын 15-апрелинде А.А. аттуу 19 жаштагы жергиликтүү тургун милиция арыз менен кайрылып, эки адам сабап салганын билдирген.
Айтымында, 7-апрелде түнкү саат 3 чамасында Каракол шаарындагы түнкү клубдардын биринде "Чуба" жана "Дани' аттуу тааныш эки жигит аны эч себепсиз эле сабашкан.
"Чуба" аны тапанча менен коркутуп, бут жагына аткан, ал эми "Дани" аны муунтуп, сабаган.
Бул факт "Ээнбаштык" беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөрдүн бири, 27 жаштагы К.М. аттуу Каракол шаарынын тургуну кармалган. Ал Каракол шаардык кеңешинин "Бирге" партиясынан депутат экендиги аныкталган.
Кылмышка шектүүнүн унаасын тинтүү учурунда, белгисиз үлгүдөгү тапанча жана депутаттын мандаты табылган.
Кылмышка шектүү Каракол ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.