Кыргыз Эл артисти Айтаджи Шабданова дүйнөдөн кайтты

Кыргыз маданияты жана театр искусствосу оор жоготууга учурады. Кыргыз Эл артисти Айтаджи Шабданова 2022-жылдын 17-апрелинде 76 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.

Өз өмүрүн кыргыз жана өзбек маданиятын, театр искусствосун өнүктүрүүгө арнаган А.Шабданова акыркы күнгө чейин театрда иштеп келген.

Маркум 1975-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, 1980-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамын алып, 1999-жылы "Даңк" медалы менен сыйланган. Эки жолу Ош облусунун Кеңешине депутат болуп шайланган.

Айтаджи Шабданованын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Жаткан жери жайлуу болсун!


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД