COVID-19 менен ооругандан кийин кардиологго кайрылуу керекпи? Жооп

COVID-19 менен ооругандан кийин кардиологго кайрылуу керек экенин кантип билүүгө болот? Бул суроого COVID-19га каршы Республикалык штабдан жооп даярдашкан.

COVID-19 менен ооруган көпчүлүк адамдарда алсыздык, чарчоо жана физикалык көнүгүүлөрдүн аткарууда энергиянын төмөндөшүн сезишет. Мындай даттануулар сөзсүз түрдө жүрөк-кан тамыр системасынын бузулушуна байланыштуу эмес.

Жүрөктүн тез согушу көп учурда жүрөктө көйгөй болушу мүмкүн деген шектенүүгө себеп болот. Же болбосо көнүмүш жагдайды карап көрөлү: мурун 4-5-кабатка жөө чыгып-түшсөңүз, азыр 2-кабатка жеткенде эле демиңиз кысылып, токтоп, жогору чыга албайсыз. Башкача айтканда, физикалык көнүгүүлөрдү аткаруу кыйынчылык жаратып, өзгөрүү абдан айкын, байкалат.

◻️Мындан тышкары, дарыгерлер төмөнкү симптомдорго көңүл бурууну керектигин сунушташат:

▪️ дененин абалын өзгөрткөндөн кийин тамырдын кагышынын кескин тездеши: жатып же отурган абалдан көтөрүлгөн учурда. Эгерде жүрөктүн кагышы мүнөтүнө 20 же андан көп согууга секирип кетсе, анда дарыгерге кайрылуу керек;

▪️кан басымдын көтөрүлүшү. Эреже катары, ал 130/80 мм рт ст болуп, андан ашпашы керек. Бул сандардын ар кандай үзгүлтүксүз өсүшү менен (кан басым 2-3 күн катары менен өлчөнөт), сөзсүз түрдө ооруканага барыңыз;

▪️ жеңил көнүгүү же эс алууда дем алуунуну кыстыгуусу. Бул дем алуу көйгөйлөрүнүн себебин түшүнүү жана жүрөк-кан тамыр системасынын коркунучтуу ооруларын жокко чыгаруу үчүн олуттуу себеп болуп саналат.

Өзүңүздү жана жакындарыңызды коронавирус инфекциясынын оор кесепеттеринен сактаңыз! Эмдөөдөн өтүңүз!


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД