Дем алыш күндөрү унаа токтотуучу жайларда акы алып жаткандар кармалды

Милициянын кайгуул кызматы дем алыш күндөрү унаа токтотуучу муниципалдык жайларда акы алып иштеп жаткан 8 жаранды жакынкы милиция бөлүмүнө жеткиришти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, борбор калаабызда акы толонуучу муниципалдык унаа токтотуучу бир канча жайлар бар.

Алардын ишмердүүлүгү ар бир унаадан канча акча алып жана канча убакытка токтотуу боюнча жоболор, Бишкек шаардык кенешинин токтому менен бекитилген. Токтомго ылайык мындай унаа токтотуучу жайлар дүйшөмбү күндөн жума күгө чейин токтотулган унаалардан кызмат акы алуу шарттуу.

Бирок, кээ бир муниципалдык унаа токтотуучу жайлардын кызматкерлери дем алыш күндөрү да, токтотулган унаалардын айдоочуларынан мыйзамсыз акча талап кылып , туура эмес иштерге барып жаткандары боюнча шаар тургундарынан көптөгөн кайрылуулар келип түшүүдө. Ал гана эмес айдочуу менен унаа токтотуучу жайдын кызматкеримин деп өзүн атаган жарандар менен пикир келишпестиктер , чыр-чатактар чыккан фактылар да кездешкен.

Мына ушундай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында милициянын кайгуул кызматкерлери муниципалдык унаа токтотуучу жайларды дем алыш күндөрү текшерүүгө алып, аныкталган фактылар боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүп келүүдө.

Урматтуу шаар тургундары жана айдоочулары эгерде сиздерден дем алыш күндөрү муниципалдык унаа токтотуучу жайлардан унаалар учун мына ушундай мыйзамсыз акча талап кылган учурлар же пикир келишпестиктер орун алса , анда тезинен "102" кызматына же 0509 102- 122 номуруна кабарласаныздар болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД