Жаңы "ак үйдүн" курулушуна алмаштырыла турган жерге эмне курулары айтылды

Президенттин администрациясынын жаңы имаратынын (ак үй) курулушун атамекендик "TS Group" компаниясы жүргүзөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдерет.

Жаңы "ак үйдүн" курулушуна алмаштырыла турган 16 гектар жерге шаардын азыркы планына интеграцияланган, өнүккөн инфраструктурасы бар заманбап көп функционалдуу комплекс курулат.

"Эгер, 16 гектар жердин баасы административдик имараттын иш жүзүндөгү наркынан ашып кетсе, курулуш компаниясы башка зарыл объектилерди куруу боюнча кошумча кызматтарды көрсөтөт", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 15-апрелинде КР президентинин администрациясынын Бишкек шаарындагы жаңы имаратынын курулушуна капсула салынган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД