Бишкектин "Учкун" конушунда канализациялык тармактын курулушу башталды

Бишкектин "Учкун" жаңы конушундагы Учкун-9 көчөсүндө магистралдык канализация тармагын куруу иштери башталды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тармактын узундугу 2,1 чакырымды түзүп, тендердин жыйынтыгы менен курулушту "Арай" ЖЧКсы жүргүзөт. Куруу иштери шаардык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.

"Канализациялык тармактарды куруу иштери жыйынтыкталгандан кийин, Кытайдын грантына "Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун алкагында Шабдан Баатыр проспектисинде Ауэзов көчөсүнөн чыгышты көздөй жолду реконструкциялоо иши башталат", - деп айтылат билдирүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД