
Бишкекте "Тез жардам" кызматынын айдоочулары "коопсуз шаардын" камераларынан айып пул келип жатканына нааразы. Бул тууралуу жарандык активист Кундуз Ажибекова Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.
Айдоочулрдын айтымында, жумуш учурунда атайын мигалканы иштетип, светофордон өтүп жатышса да айып пул келүүдө. Ал эми жетекчилик болсо келген айып пулдарды айдоочулардын өздөрүнө төлөтүүдө.
Буга нааразы болгон айдоочулар иштен кетүүнү көздөп жатышат.
"Тез жардам" кызматынын айдоочулары орто эсеп менен 10 миң сом маяна алышат.