"Тазалык" ишканасына жаңы жетекчи дайындалды

Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, "Тазалык" муниципалдык ишканасынын башчысы болуп Алыбаев Султан Акимович дайындалды.

Ал эми Ибраимов Койчугул Касмалиевич Жеке турак жай курулушу департаментинин директору болуп дайындалды.

Тиешелүү буйруктарга калаа мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД