Садыр Жапаров Гейдар Алиев жана анын жубайынын элесин эскерди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-апрелде, Азербайжанга расмий сапарынын алкагында Баку шаарындагы "Ардак аллеяга" барып, Азербайжандын улуттук лидери Гейдар Алиевдин элесин анын мүрзөсүнө гүлчамбар коюу менен эскерди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы ошондой эле Гейдар Алиевдин жубайы Зарифа Алиеванын мүрзөсүнө гүл коюу менен анын жаркын элесине таазим кылды.

Андан соң, Кыргызстандын делегациясы Ардактуу кароол тизилген "Шейиттер аллеясына" барышты. Президент Садыр Жапаров Азербайжандын курман болгон баатырларынын элесин эскергенден кийин эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД