Жаан катуу жаайт. ӨКМ чукул билдирүү таратты

Үстүбүздөгү жылдын 20-25-апрелинде Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы болуп, мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу КР ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Билдирүүдө айтылгандай, 20, 21, 24-апрелде күндүзү жана 25-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ал эми кээ бир райондордо мөндүр жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы төмөндөп, бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД