
Февраль айында мигранттар Кыргызстанга 187,6 миллион доллар которгон, бул бир ай мурдагыга караганда 10,5 миллион долларга көп. Бул тууралуу Улуттук банктан маалымдашты.
Маалыматка караганда, жалпысынан январь-февраль айларында мигранттар өлкөгө 364,7 миллион доллар которгон. Бул 2021-жылга салыштырмалуу 36,1 миллион долларга көп.
Акча которуулардын 97 пайыздан ашыгы Орусияга туура келет - 354,08 миллион доллар. Башка мамлекеттерден Кыргызстанга 1,76 миллион доллар, АКШдан 7,5 миллион доллар которулган.