Таласта коомдук тартип жана коопсуздук иштерин камсыздоо күчөтүлдү

Таласта коомдук тартип жана коопсуздук иштерин камсыздоо күчөтүлдү. Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Талас облусунун аймагында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу багытында иштер күчөтүлдү.

КРнын ИИМнин буйругунун негизинде 13-майга чейин ар бир райондорунда милиция кызматкерлеринен турган атайын топтор иштешүүдө. Көчөдө, коомдук жайларда жана атайын талдоонун негизинде, кылмыш көп катталган жерлерде иш алып барышууда. Облустун аймагында баардык кызматтардан турган милиция кызматкерлери графикке ылайык түнкү саат 01:00гө чейин көчөлөрдө күзөт иштерин аткарышууда.

Күзөт учурунда кылмышка шектүү жана издөөдө жүргөн, дайынсыз жоголгондорду аныктоо багытында да иштер жүргүзүлүүдө. Кызматкерлер колдорундагы багыттама кагаздары менен ыкчам аракеттерди жүргүзүп, кылмыш жараткан элементтер менен иш алып барышууда. Күнүгө кечки саат 18:30да ар бир ички иштер бөлүмдөрүндө жетекчилери атайын нускама берип, тапшырмаларды коюу менен күзөт убактысы бүткөндө аткарган иштери тууралуу жыйынтыгын талап кылууда.

Аталган иш чара Талас облусунун баардык райондорунда өтүп жатат. Кылмыштын алдын алуу иштери күчөтүлгөн режимде жүрүп жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД