Салттуу музыка күнү эл аралык деңгээлге чыкты

2022-жылдын 20-апрелинен 25-апрелине чейин "Кыргыз Республикасынын Улуттук салттуу музыка күнүн белгилөө жөнүндө" токтомго ылайык, 25-апрель салттуу музыка күнүнө карата жарыяланган Жумалык өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жумалыктын максаты – ааламдашуу доорунда оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствону сактоо, өнүктүрүү жана жайылтуу болуп саналат. Салттуу музыка күнү быйыл 18-ирет белгиленүүдө. Быйылкы салттуу музыка күнүнө карата жарыяланган Жумалыктын өзгөчөлүгү анын программасына буга чейин башка түрк тилдүү өлкөлөрдө өткөрүлүп келген Музыка жана бий конгрессинин камтылышы.

Жумалыктын программасы министрлик тарабынан бекитилди жана ал программага маанилүү иш-чаралар камтылды. 20-апрель күнү Жумалык "Улут наркы" көргөзмө-жарманкеси менен башталып, 25-апрель күнү Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында чоң Гала-концерт менен жыйынтыкталат.

Жумалык эл аралык масштабда өтүп Түркия, Азербайжан, Россия Федерациясынын Тува, Хакасия, Алтай Республикаларынан, Казахстан, Өзбекстандан жалпы 45тен ашык илимпоздор жана салттуу музыканы алып жүрүүчү өнөр адамдары келүүсү күтүлүүдө.

Мындан сырткары Италия, Улуу Британия, Германия, Венгрия ж.б. илимпоздору конференцияларга онлайн режиминде катышат.

Жумалыктын ишинин жыйынтыгында резолюциялар кабыл алынып, материалдардын жыйнагы чыгарылат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД