Бишкек мэри шаардык кызматтардын иши менен таанышып чыкты

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров таң эрте шаардык кызматтардын иши менен таанышып чыкты. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, калаа башчысы "Бишкекжашылчарба", "Бишкекасфальтсервис", "Бишкекжарык" муниципалдык ишканаларынын шаарды жашылдандыруу, көрктөндүрүү, жарыктандыруу жана жолдорду оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышып, шаардык кызматтардын жетекчилерине тиешелүү тапшырмаларды берди.

Учурда эски аянтта жана сейил бактарда жолду оңдоо, брусчаткаларды, тышкы жарыктандырууну алмаштыруу жана көрктөндүрүү иштери кызуу жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД