
Бүгүн, 20-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында "2021-жылдын 20-июлунда Москва шаарында кол коюлган, 2011-жылдын 19-декабрындагы Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын жана/же акча инструменттерин которууда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндөгү" мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилей кетсек, мыйзам долбоору "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөгү" мыйзамга ылайык иштелип чыккан. Муну менен катар Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын же акча инструменттерин которууда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү жаңыртылган эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүүгө багытталган.
Ошондой эле жыйында "2021-жылдын 20-июлунда Москва шаарында кол коюлган, Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын жана (же) акча инструменттерин которууда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү маалымат алмашуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндөгү" мыйзам долбоору да үчүнчү окууда каралды.
Жыйынтыгында каралган мыйзам долбоорлору добуш берүүгө жөнөтүлдү.