Борбор калаанын мэри шаар тургундары менен жолукту

Мэр Эмилбек Абдыкадыров калаа тургундары менен жолукту. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басм а сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров калаанын бир катар активдүү жашоочулары менен жолугуп, алар менен жакындан баарлашты. Шаар тургундарынын көпчүлүгү көп учурда мэрдин жеке өзү менен жолугуп, көйгөйлөрүн өзүнө айткылары келет. Мындай каалоолорду туура түшүнүү менен калаа башчысы ар жумада шаар тургундарын кабыл алууда.

Жолугушууда алар мэрге турак жай салуу үчүн жер бөлүп берүү, балдардын пособиеси жана материалдык жардам көрсөтүү сыяктуу маселелерди козгошту.

Аны менен бирге алар шаарыбыздын тазалыгы үчүн тамак-аш калдыктарын кайра иштетүү боюнча ишкерчиликти колдоо үчүн каражат маселесин чечү жактарын да сунушташты. Шаар жетекчиси баардык маселелер орундуу экенин айтып, сунуштар каралып, аларды мыйзам чегинде жана талаптарга ылайык чечүүнү жолго коерун айтты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД