Бутуна тура албайт! Жапаров облустук сот мас болуп келген видеону көрсөттү

Бүгүн, 7-июнда президент Садыр Жапаров сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин биринчи жыйынын өткөрүүдө. Анын жүрүшүндө мамлекет башчысы Чүй облустук соттун төрагасы мас абалында жумушка келген видеону көрсөттү.

Кийин Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакировага кайрылып "бул кишини тааныйсызбы?" деп сурады. Ал Чүй облустук сотунун төрагасына окшоп турганын айтып жооп берди.

Президент бул адамга тез арада чара көрүү керектигин айтып, мындай адамдар иштеп жатканда "алтын тамгалар" менен жазылган мыйзам дагы натыйжа бербестигин билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД