
Молдовановкадагы №1 мекеменин жанынан мыйзам бузган адам кармалды. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 19-апрелге караган түнү саат 23:15тер чамасында №1 түзөтүү абагынын тосмосунун жанынан белгисиз адам кайтарылган мекеменин аймагына эки баштыкты ыргытмакчы болгондугу аныкталган.
Аны дароо мекеменин ыкчам кызматкерлери менен Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин жоокерлери бирге кармашкан. Мыйзам бузган өзүн Б.уулу Ж деп тааныштырган 2001-жылы туулган жаран болуп чыкты.
Табылган кара түстөгү баштыктардын ичинен скотч менен оролгон жашыл түстөгү мүнөздүү жыты бар, жалпы салмагы 513 граммды түзгөн зат болгон.
Окуя боюнча тиешелүү материалдар жана кармалган адамдын өзү Аламүдүн РИИБдин тергөөчүлөрүнө өткөрүлүп берилди.