ИИМдин атына көмүр кенин казуучу компаниядан ыраазычылык кат келди

ИИМдин атына көмүр кенин казуучу компаниядан ыраазычылык кат келди. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын апрель айында ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековдун атына Кара-Кечедеги Токсон-Теке аймагында көмүр кенин иштетип жаткан "Шарбон" ЖАК көмүр казуучу ишканасынын жетекчисинин ыраазычылык каты келген. ЖАКтын төрагасы Кумар Изабаев өз катында Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилигинин жана кызматкерлеринин коомдук тартипти сактоо боюнча натыйжалуу ишинин аркасы менен көмүр казуучу ишкана тарабынан өндүрүш процессинин нормалдуу жүрүшү үчүн тийиштүү зарыл шарттар түзүлгөнүн билдирген.

"Укук бузуулардын алдын алуу боюнча ички иштер органдарынын иш-аракеттери кылмыштуулуктун деңгээлинин төмөндөшүнө таасирин тийгизип, керектөөчүлөргө көмүр ташуу процессинде укук тартиби камсыздалып, күнү-түнү көзөмөл жүргүзүлдү. Күз-кыш мезгилинде Токсон-Теке карьеринде коомдук тартипти бузуу жана кылмыш фактылары катталган жок, буга байланыштуу Нарын облусунун ИИБнын бардык кызматкерлерине терең ыраазычылык билдиребиз", - деп айтылат катта.

Ишкананын жетекчилиги өзгөчө Нарын ОИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери Чыңгыз Токолдошев, Бактыбек Асанов жана Марат уулу Азамат чыныгы милициянын татыктуу сапаттарын көрсөтүү менен көмүрдү жүктөөчү жайларда күндүз да, түнкүсүн да түздөн-түз тартипти камсыздашканын белгилешкен. Ошол эле учурда катта Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын начальниги Алмазбек Жумабековдун, анын орун басары Данияр Рыскуловдун, Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн уюшкан кылымыштуулук менен күрөшүү бөлүмчөсүнүн начальниги Мирлан Амангазиевдин салымы зор экени белгиленген.

Маалым болгондой, өз кезегинде көмүр казуучу ишкана милиция кызматкерлеринин иштөөсү жана эс алуусу үчүн керектүү шарттарды түзүп берген.

"Шарбон" жабык акционердик коомунун жетекчилиги милиция кызматкерлеринин кесипкөйлүгүн жана жакшы координацияланган ишин белгилеп, өз милдеттерин абийирдүүлүк менен аткаргандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД