
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматынын борбордук аппаратында үстүбүздөгү жылдын 1-кварталындагы ишинин жыйынтыгы чыгарылган кеңейтилген жыйындын жүрүшүндө жалпы жамаатты салтанаттуу сыйлоо аземи болду. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.
Алар "Кайтаруу жана күзөтүү департаментине 80 жыл" - юбилейлик атайын медалдар менен сыйланышты.
Маалым болгондой, бул күндөрү Кайтаруу жана күзөтүү департаменти 80 жылдык мааракесин белгилеп жатат жана бул пенитенциардык тутумдун ар кайсы бөлүмдөрүндөгү ар кандай даражадагы кесиптештердин татыктууларын сыйлоо үчүн эң жакшы учур.
Көкүрөгү ведомстволук сыйлык менен кооздолгондордун арасында коллегияга чакырылган КР юстиция министринин орун басары, Жаза аткаруу тутумун жетектеген Зарылбек уулу Алмазбек да бар.