Алмазбек Зарылбек уулу: "ЖАКнын ишмердүүлүгү мага жагымдуу таасир калтырды"

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын Борбордук аппаратында кеңейтилген коллегия болуп өттү, ага Юстиция министринин орун басары Зарылбек уулу Алмазбек дагы катышты.

Ал Тышкы иштер министрлигинде жана Юстиция министрлигинин түрдүү түзүмдөрүндө иштеген, жогорку юридикалык билимдүү тажрыйбалуу адис. 46 жаштагы пенитенциардык тутумдун куратору күч түзүмдөрүн да жакшы билет.

Үстүбүздөгү жылдын 26-январынан бери бул кызматты аркалап келе жаткан министрдин орун басары чогулгандардын алдында сүйлөп жатып, буга чейин бир катар ЖАКнын негизги мекемелеринин ишмердүүлүгү менен жеке таанышууга жетишкенин, бул үчүн масштабдуу текшерүү иш-сапары жасалганын белгиледи.

- Жалпысынан мага жагымдуу таасир калтырды, ЖАК профессионалдуу жана жемиштүү иш алып барат, - деди Зарылбек уулу Алмазбек. "Албетте, белгилүү бир көйгөйлөр бар, бирок биз аларды системалуу, этап-этабы менен, бирдиктүү команда болуп чече алабыз деп ишенем", - деп жыйынтыктады министрдин орун басары.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД