Орусия Кыргызстанга ун, май түрүндө жардам көрсөттү

Бишкекте 135 тонна байытылган буудай уну жана 60 тоннадан ашык байытылган күн карама майы түрүндөгү Орусиянын азык-түлүк жардамын тапшыруу аземи болот.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдиргендей, азык-түлүк муктаж үй-бүлөлөргө максаттуу бөлүштүрүүгө арналган.

Ушундай эле акция 20-апрелде Ош шаарында болуп, 675 тонна ун, 60 тонна май тапшырылган.

Аталган долбоор Россия Федерациясынын 2020-2021-жылдарга БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасына 9 миллион доллар өлчөмүндөгү ыктыярдуу максаттуу салымынын алкагында ишке ашырылууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД