2022-жылдагы ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 2766 квота бөлүндү

19-апрелде Сауд Араб Падышалыгынын (САП) ажылык жана умра министрлиги 2022-жылдагы ажылык сапары үчүн Кыргызстанга 2766 квота бөлдү. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ажылыкты уюштуруу боюнча Сауд Араб Падышалыгы чукул маалымат тараткандыктан улам, убакыттын тар экендигин эскертүү менен 2019-2020-жылдары ажылык сапарына баруу үчүн электрондук тизмеге катталып, кезек күтүп турган талапкерлер 25-апрелден тарта төлөмдөр башталаарын кабарлайбыз. Ажылык сапарынын төлөмдөрү 5 күн ичинде жүргүзүлүүсү шарт.

Эскертүү: Ажылык сапарына барууга мүмкүнчүлүк алган талапкерлердин тизмеси Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын https://test.okmot.kg/hadj_2021/view/public/talapker.xhtml шилтемеси аркылуу жана катталган аймагындагы операторлор аркылуу биле алышат.

САПтын ажылык жана умра министрлигинин чет элдик ажыларга койгон талаптары:

1. Ажыга баруучунун жашы 65 жашка чейин болуусу;

2. COVID-19 илдетине каршы эмделген болуусу;

3. САПтын аймагына киргенге чейинки 72 сааттын аралыгында COVID-19га каршы тапшырылган тесттин терс жыйынтыгын тастыктаган күбөлүктүн бар болуусу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД