Киши өлтүрүп издөөдө жүргөн Өзбекстандын жараны кармалды

Оор кылмыш боюнча издөөдө жүргөн Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жакында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармылыгынын 2-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иш-чаралардын натыйжасында оор кылмышты жасагандыгы үчүн издөө жүргөн коңшу өлкөнүн жараны кармалды

Өзбекстандын жараны 1999-жылы туулган Б.С. мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн. 2022-жылы Өзбекстандын Фергана облусунун ички иштер блашкармалыгы Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 1-бөлүмү (Атайылап киши өлтүрүү) боюнча ага издөө жарыялаган.

Алынган маалымат боюнча 2020-жылдын февраль айында пикир келишпестиктен улам жергиликтүү тургунга бычактан жаракат келтирип, анын натыйжасында жабырлануучу алган жаракатынан улам каза болгон.

Аныкталгандай, шектүү оор кылмыш ишин жасагандан кийин, изин жашырып Кыргызстандын аймагына качып кеткен. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери Чүй облусунун аймагында ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшүп, Өзбекстандын жаранын кармашты. Кармалган жаран Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД