Борбор калаанын мэри курулушчулар менен кеңешме жыйын өткөрүүдө

Борбор калаанын мэри курулушчулар менен кеңешме жыйын кылууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 22-апрелде, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Октябрь районунун администрациясынын жыйындар залында калаанын архитекторлору, курулушчулары жана шаардын проектиси менен иштеген адистер менен жыйын курду.

Жыйындын башкы максаты шаарыбыздагы курулуш тармагын кайсыл багытта өнүктүрүп жолго коёбуз багытында жүрүүдө.

"Бүгүн ачык сүйлөшуп алышыбыз керек. Биз тарапта жашыра турган эч нерсе жок. Коррупция боюнча да тоскоолдуктар болсо аны да айтыңыздар. Биздин башкы максатыбыз шаарды көтөрүү болуш керек. Президентибиз Садыр Нургожоевич тарабынан быйыл 15 мектеп, 1 бала бакчанын бүткөрүү тапшырмасы коюлуп, аны ишке ашыруу жүрүп жатат. Аны бүткөрүүгө да сиздердин, курулушчулардын орду чоң. Мындан тышкары да шаарга курула турган көп объектилер жана заманбап үйлөр бар. Ошондуктан сиздер менен бүгүн түз сүйлөшүп, курулуш тармагындагы маселелерди ачык талкуулап алсак жакшы болот" деди мэр.

Жыйында курулушчулар өздөрүнүн ар кыл суроолорун жана маселерин мэрге ачык айтып, өз сунуштарын берүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД