Нарын РИИБине жаңы милициянын көчмө кабылдамасы тапшырылды

Нарын райондук ички иштер бөлүмүнө жаңы милициянын көчмө кабылдамасы тапшырылды. Бул тууралуу Нарын ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 22-апрель күнү Нарын ОИИБдин Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн Өрнөк айылындагы милициянын аймактык бөлүмчөсүндө ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин консультанты, отставкадагы милициянын полковниги Шамшыбек Мамыров, ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана милициянын көчмө кабылдама унааларынын ишин координациялоо бөлүмүнүн начальниги Таалай Алижанов жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Адыл Сапаров, Нарын ОИИБнин начальниги Алмазбек Жумабеков жана Нарын райондук жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда милициянын көчмө кабылдамасы тапшырылды.

Иш-чарада Нарын РИИБне караштуу айыл аймактардын жакыны 15км чакырым болсо алыскы айылдарынын аралыгы 200км чакырымга чейин жеткен айылдардын тургундары менен жолгушууда, алардын көйгөйүн жеринен угуп жардам берүүгө, элге сервистик тейлөө көрсөтүүдө жана жарандардын арыз даттанууларын кабыл алууда, эффективдүү иштерди аткарууда милициянын көчмө кабылдамасы Нарын РИИБү үчүн өбөлгө түзүп, чоң жардам болоору айтылып, Нарын милициясы ар дайым эл үчүн кызматта экени баса белгиленди.

Андан соң Кыргыз Республикасынын Президентинин "Жашыл мурас" акциясын колдоо максатында балатынын көчөттөрү отургузулуп, Кыргыз Республикасынын ИИМнин министри милицияныны генерал-лейтенанты У.Ниязбековдун 2021-жылдын жыйынтыгы менен койгон тапшырмасынын талаптарын аткаруу максатында Оттук милициянын аймактык бөлүмчөсүнө орнотулган видеокөзөмөлдөөчү камералар менен таанышуу жүргүзүлүп, иш-чара концерттик программа менен улантылды.

Белгилей кетсек буга чейин милициянын көчмө кабылдамасы Ат-Башы, Жумгал, Кочкор, Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмдөрүнө берилген. Бүгүнтөн баштап Нарын РИИБнүн милициянын көчмө кабылдамасы калк кызматында болмокчу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД