
Бишкек шаарынын жети көчөсүнүн тротураларын оңдоо иштери пландалууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, оңдоо иштери төмөнкү көчөлөрдө жүргүзүлөт:
Жибек-Жолу проспектисинин түндүк-түштүк тарабы Ибраимов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин;
Чүй проспектисинин түндүк-түштүк тарабы Ибраимов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин;
Киев көчөсүнүн түндүк-түштүк тарабы Ибраимов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин;
Абдрахманов (Байтик Баатыр көчөсү) көчөсүнүн чыгыш-батыш тарабы Ахунбаев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин;
Манас проспектисинин/Ч.Айтматов көчөсүнүн чыгыш-батыш тарабы Жибек-Жолу проспектисинен Ахунбаев көчөсүнө чейин;
Жаш Гвардия бульварынын чыгыш-батыш тарабы Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин;
Ахунбаев көчөсүнүн түндүк-түштүк тарабы Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Ч.Айтматов көчөсүнө чейин.