Мыйзамсыз курулуштарды иликтеген депутаттык комиссия өз ишин баштады

Бүгүн, 22-апрелде депутат Дастан Бекешев төрагалык кылган депутаттык комиссия "Бишкек Башкы архитектура" муниципалдык ишканасына барып, борбор калаадагы башаламан курулуштар боюнча иликтөө ишин баштады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, иш-чарага комиссиянын курамындагы депутаттар Исхак Масалиев, Винера Раимбачаева, Эльвира Сурабалдиева, Алишер Козуев, Жаныбек Абиров жана Аида Исатбек кызы катышты.

Маалыматка караганда, эл өкүлдөрү алгач Бишкек шаарынын башкы планы боюнча маалымат алды. Мамлекеттик долбоорлоо инстититутунун директору Азирет Акимов Бишкек шаарынын 2006-жылдагы башкы планынын түп нускасы менен тааныштырып, ал моралдык жактан эскиргенин жана 2025-жылы мөөнөтү бүтөрүн маалымдады.

"Башкы пландын негизинде шаардын борбордук бөлүгү, тагыраагы, 4,5 миң га жер аянты боюнча деталдуу долбоорлоо планы жасалган. Бирок ал соттун чечими менен жокко чыгарылган. Ушул тапта 10 000 га шаар аянтынын деталдык долбоору жасалбай турат", -деди Азирет Акимов.

Ал эми депутат Исхак Масалиев башкы план эл өкүлдөрү үчүн жеткиликтүү экенин айтуу менен анын электрондук версиясын комиссия мүчөлөрүнүн ар бирине таратууну суранып: "Азыр ар ким өзү билгендей курулуш кылып жатат, жалпы көрүнүш жок",- деди.

Суроолорго жооп берип жатып, "Бишкек Башкы архитектура" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Канат Анарбеков учурда 37 мыйзамсыз курулган объект бар экенин белгилеп: "Ал "шылуундар" сабаттуу, мыйзамдардын баарын билет, жөнөкөй кишилер эмес", -деди. Сөзгө аралашкан эл өкүлү Алишер Козуев мэрия канча уруксатсыз курулган обьекттерди бузганын сурады. Шаардын тарыхында 4 кабаттуу бир гана объект бузулганы маалым болду. Анткени менен учурда ал бузулган объекттин ордунда 2 көп кабаттуу имарат турганын депутат Жаныбек Абиров айтып өттү.

Муну менен катар депутат Алишер Козуев шаар боюнча бир эле мисал көрсөткүч боло албастыгын айтып, уяткарды. Мындай мыйзамсыз курулуштар Бишкек башкы архитектурасы сыяктуу тиешелүү мамлекеттик органдардын жетеги менен болуп жатканын ачыктаган депутат: "Курулуштагы коррупцияга аралашканыңарды моюнга алыш керек. Куруучуларга өзүңөрдүн эле кызматкерлериңер жол көрсөтүп, түрткү берип жатат", - деп айыптады.

Комиссиянын төрагасы, депутат Дастан Бекешев башкы план боюнча жашылдандырууга деп белгиленген жерлерге да курулуш түшүп, 49 жылга ижарага берилген аянттарга да көп кабаттуу имараттар салынып, сатылып кеткенин айтты. Ал тургай 5 жылга ижарага берилген жерлерге да курулуштар курулуп, сатып жиберишкенин кошумчалады. Андыктан депутат Дастан Бекешевдин сунушу менен комиссиянын кийинки отурумун Муниципалдык мүлктөрдү башкаруу департаментинде өткөрүп, мыйзамсыз курулушка кимдер, кантип жол бергенин териштирмекчи болушту.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД