Кайгуул милициясында өспүрүмдөрдүн коопсуздугун коргоо боюнча кеңешме өттү

Милициянын кайгуул кызматында өспүрүмдөрдүн коопсуздугун коргоо боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жыл башынан тартып, Бишкек шаарынын аймагында жаш балдардын катышуусунда 146 жол кырсыгы катталып, 164 өспүрүм жаракат алып, тилекке каршы бир өспүрүм көз жумган. Жалпысынан алганда өткөн жылдын ушул убактысына салыштырмалуу 17 өспүрүмгө көбүрөөк катталгандыгы байкалууда.

Мындай өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарынын алдын алуу максатында башкармалыктын жетекчиси Алмазбек Исаков өздүк курамга төмөнкү тапшырмаларды койду;

-Бишкек шаарынын аймагында катталган 104 жалпы билим берүүчү орто мектептерге бекитилген кызматкерлер эртеменен мектептердин алдында кызмат алып барууну күчөтүү;

- Жол көзөмөлдөө бөлүмү ар бир мектепке жакын көчөлөрдө жол белгилерин, жол чийиндерин жана жол чырактарын карап чыгып, аныкталган кемчиликтерди орундатуу;

-Үгүт-насаат бөлүмүнө өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарынын алдын алуу багытындагы профилактикалык, анимациялык видео роликтерди даярдап, Басма-сөз кызматы аркылуу аны демонстрациялоо;

-Уюштуруу инспекторлук бөлүмүнө эртеменен мектептерге барып жаткан кызматкерлерди текшерип, аныкталган кемчиликтер боюнча кызматтык териштирүү иштерин жүргүзүү .

Ошондой эле өспүрүмдөрдүн коопсуздугу үчүн мектеп окуучуларынын ата-энелери менен да чогулуштарды уюштуруу боюнча тапшырмалар койюлду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД