Жалал-Абадда "Фронт ырлары жаңырат" фестивалы өттү

Жалал-Абад шаарында "Фронт ырлары жаңырат" фестивалы өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара Барпы атындагы театрда өтүп, ага шаардын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, коноктор, шаар тургундары жана окуучулар катышты.

"Улуу Ата Мекедик согушта бир гана курал эмес, адамдардын патриоттук сезимин көтөрүү, аларга моралдык колдоо катарында патриоттук ырлар ырдалып, жүздөгөн композициялар жаңырып, жеңишке болгон шык берилип турган десем жаңылбайм.

"Улуу Жеңиш" күнүнө карата өткөрүлүп жаткан "Фронт ырлары жаңырат" фестивалы да биздин жаштарыбызга өткөн тарыхты эске салып, ата-бабаларбыздын эрдиктерин даңазалоого жана аларды ар дайым эсетей жүрүүсүнө өбөлгө түзөт жана жаштарыбызды патриоттуулук сезимин күчөтөт",- деди иш-чарада сөз сүйлөгөн Гүлбарчын Таштанбекова.

Белгилей кетсек, аталган иш-чара 9-май - Улуу жеңиш күнүнө карата өткөрүлдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД