Ошто мектеп-интернаттардын тарбиялануучулары үчүн оюн-зоок уюштурулду

Ош шаарындагы мектеп-интернаттардын тарбиялануучулары үчүн оюн-зоок уюштурулду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун демилгеси менен "Боорукердик" интернатынын, "Лотос", "Алтын уя" үй-бүлөлүк балдар үйүнүн тарбиялануучуларына Кыргыз мамлекеттик циркинин артисттери тарабынан спектакль уюштурулду.

Иш-чаранын соңунда балдарга таттуулар жана белектер берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД