Франциядагы президенттик шайлоодо Макрон жеңишке жетти

Франциянын учурдагы президенти Эммануэль Макрон президенттик шайлоонун экинчи айлампасында 58,55 пайызга ээ болуп жатканын өлкөнүн Ички иштер министрлиги добуштардын жүз пайызын эсептеп чыккандан кийин билдирди.

Макрондун атаандашы, ашынган оңчул "Улуттук биримдик" партиясынын лидери Марин Ле Пен 41,45% алды. Ал жеңилгенин мойнуна алды, бирок француздардын алдындагы милдеттенмелерин мындан ары да аткара берерине убада берди. Тактап айтканда, Ле Пен анын саясий кыймылы парламенттик шайлоодо чоң күрөш баштаарын билдирди.

Франциянын Конституциялык сотунун төрагасы добуш берүүнүн жыйынтыгын 27-апрелде расмий жарыялайт.

Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча 20:00дө аяктады. Добуш берүүгө шайлоочулардын 63,23 пайызы катышты.

Франциянын президенти беш жылга шайланат. Добуш берүүгө 49 миллионго жакын жаран катыша алат. Биринчи тур 10-апрелде өтүп, ага 12 талапкер катышкан. Анда азыркы мамлекет башчысы 27,84 пайыз, "Улуттук биримдиктин" лидери 23,15 пайыз добуш алган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД