Жаш окумуштуулар жогорку кеңеши алгачкы жыйынын өткөрдү

2022-жылдын 20-апрелинде Бишкекте жаш илимпоздордун, окутуучулардын жана илимий уюмдардын кызматкерлеринин катышуусунда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Жаш окумуштуулар жогорку кеңешинин алгачкы жыйыны болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жыйында Билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов кеңири баяндама жасап, аталган кеңештин максат-милдеттерине токтолду.

Жаш окумуштуулар жогорку кеңеши жаш илимпоздорду изилдөөнүн илимий прикладдык жана фундаменталдык жыйынтыктарын сунуштоо, жаштардын илимий-техникалык чыгармачылыгын жар салуу, региондор аралык жана эл аралык байланыштарды бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө көмөктөшүү, артыкчылыктуу илимий маселелерди чечүүдө жаш окумуштуулардын күч-аракеттерин бириктирүү максатында түзүлгөн.

Жаш окумуштуулар жогорку кеңешинин ишмердүүлүгүнүн негизги максаттары:

• Кыргыз Республикасынын жаштарынын арасында илимий иштерди жайылтуу;

• изилдөө иштерин оптималдаштыруу;

• изилдөө иштерин коммерциялаштыруу;

• илимий жыйынтыктарды экономиканын реалдуу секторуна пайдалануу;

• тармак аралык илимий долбоорлорду интеграциялоо.

Жыйындын катышуучулары Билим берүү жана илим министрлигинин бул демилгеси Кыргызстандын илимин өнүктүрүүгө жана жаш илимпоздорду колдоого багытталган келечектүү башталыш экенин белгилешти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД