Улуттук банк Кумтөрдүн алтынын сатып алууга даяр экендигин билдирди

Улуттук банк Кумтөрдүн алтынын сатып алууга даяр. Бул тууралуу аталган банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов депутат Кожобек Рыспаевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

"Мыйзам боюнча Улуттук банк Кыргызстандын ичинде өндүрүлгөн алтындын баарын сатып алабыз. Акыркы беш жыл ичинде Кумтөрдүн гана алтынын сатып алган жокпуз, калган Кыргызстанда өндүрүлгөн алтындын баарын Улуттук банк сатып алган. Эрежеси жөнөкөй эле, мыйзам боюнча эч кимден доллар менен алтын сатып албайбыз. Улуттук валюта менен ким стандартка туура келген алтын сунуш берсе сатып алганга укугубуз бар".

Депутат Рыспаев Кумтөр алтын кенинде жылына 15 тоннадай алтын өндүрүлөрүн, Улуттук банктын мындай ири көлөмдөгү алтынды сатып алууга мүмкүнчүлүгүнө кызыкты.

Абдыгулов Кумтөрдүн алтынын сатып алууга мүмкүнчүлүгү бар экендигин айтты.

Кыргызстан өлкөдөгү эң ири алтын кени Кумтөргө тыштан башкаруу киргизди. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун 17-майдагы буйругу менен "Центерра Голд" (Centerra Gold Inc) компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк "Кумтөр Голд" ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалды. Тенгиз Бөлтүрүк 17-майда Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып Кыргызстан өзү алтын өндүрүп сата баштарын, Кумтөрдүн алтынын Улуттук банк сатып аларын билдирген.

Расмий маалыматтарга ылайык, "Кумтөр Голд" ишканасы жылына кеминде 9 тонна, болбосо 20 тоннадан ашык алтын өндүргөн учурлары болгон. Орточо эсепте компания жыл сайын 16-17 тонна алтын казат. Быйыл 14,62 же 15,86 тонна алтын өндүрүүнү пландаган. Канадалык "Центерра Голд" ишканасы 24 жылдан бери Кумтөрдөн 400 тонна алтын чыгарып кетти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД