Бишкекте Хондо Фит менен ЖКККББнын кызматтык унаасы сүзүштү

Бишкекте Хондо Фит менен ЖКККББнын кызматтык унаасы сүзүшүп, айдоочулар ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 24-апрелде болжол менен саат 23:00 чамасында Хонда Фит үлгүсүндөгү авто унаа Жукеев-Пудовкин көчөсү менен түштүк тарапка бара жатып, Саманчин көчөсүнүн кесилишинен Тойота-Каролла үлгүсүндөгү ЖКККББнын (ГУОБДД) кызматтык унаасы менен сүзүшкөн.

Жол кырсыгынын натыйжасында эки айдоочу тең жаракат алып ооруканага жеткирилген.

Азыркы учурда эки авто унаа тең убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулуп, жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД