Кыргызстанда бир жумада 10 адам коронавирус жуктурган

Кыргызстанда 19нан 25-апрелге чейин COVID-19ду жуктуруунун 10 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу COVID-19га каршы республикалык штабдан билдиришти.

Анын ичинде 7 учур бүгүнкү. Бардыгы Бишкекте катталган.

Бир жумада 13 670, ал эми бир суткада 1 572 ПЧР изилдөө жүргүзүлгөн.

Стационарда – 3, амбулатордук дарыланууда 18 бейтап бар.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө 200 990 адам коронавируска чалдыккан, 2991 адам бул илдеттен каза болгон.

Өзүңүздү жана жакындарыңызды коронавирустун оор кесепеттеринен сактап эмдөөдөн өтүңүздөр!


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД