Бишкекте бир жумада 26 мас айдоочу кармалды

Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан бир жуманын ичинде 5550 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Алардын ичинен:

-Мас абалында авто унаа башкаруу -26 айдоочу;

-Авто унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо -21;

-Айдоочулук кубөлүгү жок авто унаа башкаруу -41;

-Коопсуздук курун тагынбаган 1392;

-Жасалма номур менен авто унаа башкаруу 2;

-Жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер катышкан жол эрежелерин бузуулар 300;

-Башка жол эрежелерин бузуулар 3770 ;

478 авто унаа ар кандай жасаган бузуулары үчүн, убактылуу айып короо жайына токтотулду.

Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы жол эрежесин так сактоого чакырат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД