12 өлкөдө белгисиз түрдөгү кооптуу курч гепатит катталды

ДССУ тарабынан белгисиз түрдөгү кооптуу курч гепатит катталды. Бул тууралуу COVID-19га каршы республикалык штабдан билдиришти.

Ал тууралуу эмнелер белгилүү?

▫️12 өлкөдө 169 учур (114 учур Улуу Британияда, 13 - Испанияда, 12 - Израилде, 9 - АКШда, 6 - Данияда, Ирландияда 5тен аз, 4 - Италияда, 4 - Нидерландда, 2- Норвегияда, 2 - Францияда, 1 - Румынияда, 1 - Бельгияда);

▫️1 адам өлүмү учуру;

▫️ооруга чалдыккандардын жаш курагы 1 айлыктан 16 жашка чейин;

▫️бейтаптардын болжол менен 10% боорду алмаштыруу талап кылынган;

▫️A, B, C, E жана D тибиндеги гепатиттердин вирустары бул учурлардын биринде дагы аныкталган эмес.

▫️74 учурда аденовирус табылган, 18 адамда молекулярдык тестирлөөдө F (41-тип) тобундагы аденовирус аныкталган.

▫️тест тапшыргандардын арасынан 20 учурда SARS-CoV-2 аныкталган

▫️19 адамда SARS-CoV-2 жана аденовирустун коинфекциясы аныкталган.

ДССУ кандай алдын алуу чараларын сунуштайт?

Колду бат-баттан жууп туруу, респиратордук гигиенаны сактоо, б.а. бет кап тагынуу

Ооруну жуктуруунун алгачкы учурлары апрелдин башында катталган. 5-апрелге карата ДССУда борбордук Шотландияда он жаштан кенже курактагы балдар арасында аныкталган учурлар тууралуу маалымат болгон. 8-апрелде алардын саны бүткүл Улуу Британия боюнча 74кө жеткен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД