Каракол шаарында ПЧР лаборатория ачылды

Каракол шаарында саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Элмира Усенованын катышусун менен ПЧР (ПЦР) лаборатория ачылды.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, 30 бөлмөлүү 280 чарчы метрди түзгөн бул лаборатория калкка кызмат көрсөтүп баштады.

Белгилегендей, лаборатория Ислам өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен курулган. Ал эми Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду 1 млн 200 миң сомго саркынды суулар системасын жасаган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД