
ДССУ белгисиз түрдөгү кооптуу курч гепатиттин учурлары эң көп катталган Улуу Британияда акыркы убакта аденовирусту жуктуруу учурлары өсүп жатканын тактайт. Нидерландда да бул тууралуу билдиришти.
Аденовирустар тууралуу эмнелер белгилүү?
* аталышы аденоидден (бул чоңоюп кеткен тамак бези) баштапкы бөлүнүп чыккан суюктуктарга жараша болот
*адамдын аденовирусу ДНК-вирустарга кирет
*алгачкы аденовирустар адамда 1953-жылы изилдөөчүлөрдүн тобу (Уоллес Роу, Роберт Хюбнером) тарабынан жана дени сак адамдардын таңдай безинин ткандарын жана аденоиддерин изилдөөдө аныкталган. Бөлүнгөн вирустарды аденоиддерди дегенерация кылган вирустар деп аташкан.
*1954-жылы аденовирустар бейтаптарда заңдан жана тамагынан табылган. Вирустарды аденоид-фарингиттик-конъюктивалдык аденовирустар деп аташкан.
*1955-жылы аденовирустарды пневмонияга кабылган адамдардан чыга баштаган.
Аденовирус кайсы органдарды жабыркатат?
* көпчүлүк аденовирус серотиптери жогорку дем алуу органдарынын инфекцияларына алып келет
*аденовирустар көбүнчө конъюнктивитке, тонзиллитке, отитке себеп болушат
*40 жана 41 серотиптеги аденовирустар гастроэнтеритти пайда кылуусу мүмкүн
Бул вируска жылдын кайсы мезгилинде жана кимдер көбүрөөк чалдыгышат?
*июндан сентябрга чейин басымдуулук кылат
*баарынан көп курч респиратордук жугуштуу инфекциялардын түзүмүндө бул ооруларга 18-26 жаштагылар кабылышат.
*Адамдын аденовирусунун серотиптери араб сандары менен белгиленет. Адамдын аденовирусунун 7 түрү бар, алар 88 серотипке биригишет.