Кыргызстанда бензин жыл башынан бери 41%га кымбаттаган

Быйыл январь-май айларында Кыргызстанда АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 41%га кымбаттаган. Бул тууралуу Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.

Ассоциациянын маалыматы боюнча, АИ-92 бензининин баасы 35,7 сомдон 50,4 сомго чейин көтөрүлгөн. Ал эми дизель майы 36,1 сомдон 46,1 сомго чейин кымбаттаган.

Күйүүчү майдын баасынын жогорулашы жыл башынан тарта мунай жана мунайзаттарына болгон суроо-талаптын артышы менен байланыштуу болууда. Маселен, суроо-талаптын артышы менен Орусиянын заводдорунда АИ-92 бензиннин сатык баасы 360тан 670 долларга, дизель майы 400дөн 600 долларга чейин кымбаттаган.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери Кыргызстанга сырттан 336,7 миң тонна бензин жана 221 миң тонна дизель майы ташылып келген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД