Баштапкы эмдөө менен бустердин кандай айырмасы бар?

COVID-19га каршы республикалык штаб баштапкы эмдөө менен бустердин кандай айырмасы бар экендиги тууралуу маалымат берди.

Бустер/бустердик инъекция - вакцинанын кошумча дозасы, ал убакыттын өтүшү менен иммунитеттин түшүүнөн улам бейтаптын иммундук системасын бекемдөөгө арналган. Бустердик доза бардык адамдарга, айрыкча тобокел топторго киргендер үчүн сунушталат.

Бустердик дозаны баштапкы эмдөөнү алгандан кийин 6 ай өткөн соң алуу керек. Бул доза үчүн башка вакцинаны колдонууга дагы болот. Бул үчүн атайын схема иштелип чыккан.

Эгерде сизде каршы көрсөтмөлөр болсо, тобокелдиктерге жол бербөө максатында дарыгер менен кеңешүү зарыл. Ал эми вакциналарды аралаштыруу коопсуз гана эмес, пайдалуу да болот. Лондондук окумуштуулардын пикиринде ар башка технологиялар боюнча өндүрүлгөн эки түрдүү вакцинаны аралаштыруу күчөтүүчү натыйжа берет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД